Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:48

КМШ саммити өткөн күндөрү Бишкекте айрым жолдор жабылат


13-октябрда Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт.

Буга байланыштуу 12-13-октябрь күндөрү борбор калаанын жана Чүй облусундагы айрым көчөлөрдө жол кыймылына чектөө киргизилет.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, чектөө "Манас" аэропортунан Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде, Манас жана Айтматов проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Садырбаев көчөсүнөн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин, Бишкек-Кант айланма жолуна киргизилет. Бул жолдордо делегациялар өткөн убакта башка автоунаалардын жүрүүсүнө жол берилбейт.

КМШ лидерлеринин саммити былтыр Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн.

КМШ - СССР таркаган соң анын мейкиндигинде пайда болгон эгемен өлкөлөрдүн бирикмеси. Алгач Орусия, Беларус жана Украина 1991-жылдын 7-8-декабрында Беловеж келишиминин алкагында “Суверендүү Мамлекеттердин Союзун” түзгөн.

Кийинки сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында аларга ошол эле жылдын 21-декабрында Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдова, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан да кошулган. Уюм ошондон кийин Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги – КМШ деп аталып калган.

Уюмга мурдагы советтик республикалардан Латвия, Литва, Эстония кошулган эмес. Грузия 1993-жылы кошулуп, 2008-жылы Орусия ага кол салгандан кийин кайра чыгып кеткен. КМШнын негиздөөчүсү болгон Украинанын бийлиги 2014-жылы анын Крым жарым аралын Москва аннексиялап алгандан кийин уюмга мүчөлүгүн токтотконун жарыялаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG