Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгарылды


Кыргызстандын Улуттук банкы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын Улуттук банкы. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаров “Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады. Мыйзам 4-октябрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Президенттин сайтында жазылгандай, аталган мыйзам банктын ишин натыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында иштелип чыккан. Ага ылайык, Жарандык кодекске, “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” жана “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзамдарына өзгөртүүлөр каралган.

Мыйзамдын Жогорку Кеңеште жарыяланган негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, документ “Мамлекеттик өнүктүрүү банкын” Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгаруу максатын көздөйт.

Азыркы мыйзамдарга ылайык, Улуттук банк Кыргызстандагы банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин бардыгынын ишин жөнгө салып көзөмөлдөйт. Жаңы кабыл алынган мыйзамга таянып, “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” Улуттук банктан лицензия албайт жана өзүнө тиешелүү гана мыйзамдар менен иштейт.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, “Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” акционери Министрлер кабинети болуп саналат. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын отчет берүү жана экономикалык ченемдерин Министрлер кабинети белгилейт.

Министрлер кабинети былтыр 31-майда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишканасын түзүү жөнүндө токтом чыгарган. Ачык акционердик коом Юстиция министрлигинен былтыр 25-июлда каттоодон өткөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиев менен байланышын иликтеп чыккан, маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген. Май айында Сарбанов иштен кетип, анын ордун Талант Өмүралиев ээлеген.

6-октябрда “Кыргыз фондулук биржасы” “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Талантбек Өмүралиев кызматтан алынып, анын ордуна Медер Темирбеков дайындалганын кабарлады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG