Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Мирзиёев АКШ менен Германиядагы сапарынан кийин Москвага барат


Путин менен Мирзиёевдин Ташкенттеги жолугушуусу. 2018-жыл.
Путин менен Мирзиёевдин Ташкенттеги жолугушуусу. 2018-жыл.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путиндин чакыруусу менен 5-октябрда Москвага расмий сапар менен барат.

Ташкенттин маалымдашынча, эки күндүк сапардын алкагында Мирзиёев Москвада Путин жана премьер-министр Михаил Мишустин менен жолугат.

Сүйлөшүүлөрдө стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоо маселелери талкууланары маалымдалды. Ошондой эле соода-экономика, инвестиция, миграция жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү сүйлөшүшөт.

Мирзиёев Москвадан ары Татарстандын борбору Казанга барып, жумурияттын башчысы Рустам Минниханов менен жолугушат.

Өзбекстандын президентинин Москвага сапары Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин АКШ жана Германиядагы саммиттеринен кийин уюштурулуп жатат.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Орусия Украинага басып киргенден кийин Ташкент менен Москванын экономикалык кызматташуу көрсөткүчтөрү өскөндүгү байкалат. Евробиримдик акыркы жылы Борбор Азия өлкөлөрүнөн Орусияга экспорттун 300% өскөнүнө тынчсыздануусун билдирген. Шаркетте Борбор Азия өлкөлөрүнө жөнөтүлгөн товарлар, айрыкча санкциялык товарлар Орусияга кетип жаткан жокпу деген кабатырлануу бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG