Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Министр Максүтов спектакль жөнүндө талаш-талкууларга комментарий берди


Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов "Күн кармаган бала" спектакли тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу комментарий берди.

Министрликтин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө бул спектаклди эл аралык ART ORDO театр фестивалынын алкагында Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театры Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин чыгармасынын негизинде жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев койгонун жазды.

Жалпысынан 17 спектакль көрсөтүлгөн фестивалда "Күн кармаган балага" калыстар тобу жогорку баа берип, баш байгени алганын белгиледи. Аны сындап жаткандарды ошол спектаклди көрүүгө чакырды.

"Спектаклди көрүүчүлөр бир дем менен көрүп, болуп көрбөгөндөй триумф жаратып, азыркы коомчулукта орун алган чоң жараны жарып жиберди. Социалдык тармактарда чыгарманы окубай, аталган спектаклди көрбөй туруп, эки сааттан ашуун убакытка созулган спектаклдин сегиз секунд гана жерин кесип алып, аны коомчулукка жарыялап талкуулап жаткан жарандар, жаш режиссер Уланмырза Карыпбаевдин аталган чыгарманын маани-мазмунун чындык менен ачып бериши, эненин балага болгон мээрими жана бүгүнкү коомчулукта болуп жаткан терс көрүнүштөрдү айдан-ачык көрсөтүп бергени жакпай калгандыр!? Көркөм чыгармада режиссердун айтайын деген ою, алдына койгон максаты эң чоң мааниге ээ. Аны түшүнүп-билбей туруп, чыгармачылыкка жол тосуп, Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалык драма театрынын жана жаш режиссердун ийгилигин көрө албай жаткандар болбосун? Театр - тирүү организм. Театр жеке спецификага ээ. Алар чындыкты, конфликтти, мүнөздөрдү чагылдыруу, аларды түшүндүрүү жана баалоо, тигил же бул идеяны ырастоо драмалык иш-аракеттер менен ишке ашат эмеспи. Бирок оюндун оппоненттери, урматтуу биздин жарандарыбыз бир жагдайды эстеринен чыгарып жатышат окшойт: маселе искусствонун предмети жөнүндө кетип жатат. Ал эми искусстводо биринчи орунда образдуулук турат. Бардык көрүнүштөр, деталдар жаратмандын көркөм образдуу ой жүгүртүүсүнө, көркөм образдуу концепциясына гана баш ийдирилет. Ар бир деталь, ар бир штрих чыгарманын жалпы образынын ажырагыс бир бөлүгү болуп саналат. Андыктан ар бир деталды, же көрүнүштү өз-өзүнчө бөлүп кароого мүмкүн эмес. Алардын ар биринин мааниси, мазмуну комплекстүү каралганда гана, образдуу чечилиштин алкагында гана түшүнүктүү болот. Искусствонун өзгөчөлүгү ушунда", - деп жазылган Максүтовдун билдирүүсүндө.

Талаш-талкуу жараткан "Күн кармаган бала" спектаклинде энеси баласын таштекке салып жуунтуп аткан учурда баланы ойногон актердун жылаңач денеси артынан кыска убакытка көрсөтүлгөн. Мындан улам талаш-талкуу чыккан. Спектакль тууралуу маселени парламенттин 4-октябрдагы жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев көтөрүп, министрден түшүндүрмө талап кылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG