Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Наночекиттерди ачкан америкалык химиктер Нобел сыйлыгын алышты


Химия боюнча Нобел сыйлыгы быйыл АКШда эмгектенген үч окумуштууга берилди. Алар - Массачусетс технологиялык институтунан Мунги Бавенди, Колумбия университетинен Луис Брус жана Nanocrystals Technology Inc компаниясынан Алексей Екимов. Эл аралык абройлуу сыйлык илимпоздорго "кванттык чекиттерди ачкандыгы жана синтездегени үчүн" ыйгарылды.

Нобел комитети наночекиттердин өлчөмүн элестетүү үчүн мындай мисал келтирет. Эгер наночекитти футбол тобундай кылып чоңойтсок анда топ Жер планетасынын көлөмүнө ээ болот.

Квант чекиттери тууралуу илимпоздор 1930-жылдары эле айтканы менен технологиялык өнүгүүнүн деңгээли бул теорияны иш жүзүндө текшерүүгө эми гана мүмкүнчүлүк берди.

78 жаштагы Алексей Екимов Ленинград мамлекеттик университетин аяктаган. 1999-жылдан бери АКШда эмгектенет. Анын илимий эмгектери жарым өткөргүч нанокристаллдарды (квант чекиттери деп таанылган) изилдөөнүн башаты деп саналат.

Нанометрдик кристаллдык бөлүкчөлөр нанотехнологиянын негизги объектилеринин бири. Алар медицинада жана жогорку технологияда кеңири колдонулат. Квант чекиттеринин жардамы менен хирургдар адамдын организминдеги зыяндуу шишикти "жарык кылып", операцияны так жана коопсуз жасоого шарт түзүлөт.

Сыйлыктын лауреаттары расмий жарыялана электе эле Нобел комитетинин ачыкка чыгып кеткен катынын айынан үч окумуштуунун аты-жөнү коомчулукка белгилүү болуп калды.

Буга чейин физика жана медицина тармагында Нобел сыйлыгынын ээлери аныкталган.

Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты 6-октябрда белгилүү болот.

Лауреат болгон адам тогуз милллион швед кронун же 900 миң доллар алат.

Нобел - дүйнөлүк илимдеги алдыңкы изилдөөлөр, ойлоп табуулар, маданиятка же коомдук өнүгүүгө кошкон ири салым үчүн жыл сайын берилүүчү эң абройлуу эл аралык сыйлык. Нобел фонду 1900-жылы негизделген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG