Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Мас абалда кызматтык машинеде жүргөн милиция кызматкерлери иштен алынды


Ысык-Көл облусунда туристтик экологиялык милиция кызматкерлери мас абалда кызматтык автоунаада жүргөнү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Натыйжада эки милиционер иштен кеткенин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Ысык Көлдөгү милиция кызматкерлеринин терс жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал чечим чыгарылды. Кызматтык иликтөөдө туристтик - экологиялык взводдун М.Т. жана Н.у.А. аттуу эки кызматкерин ички иштер органдарынын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды", - деп жазылган билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилерине тартиптик чара колдонулду. Кандай жаза экенин мекеме тактаган жок.

3-октябрда Бөкөнбаев айылында эки кызматкердин кызматтык машинеде ичимдик ичип отурган деген видео интернетте тарап, социалдык тармактарда кызуу талкуу, сынга кабылган. ИИМ кызматтык иликтөө башталганын билдирген. (AKa)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG