Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

"Кыргыз темир жолу": Казакстан аркылуу кара май ташуу токтогон жок


“Казакстан темир жолы” ишканасынын күйүүчү-майлоочу майларды ташыган вагондору. Иллюстрациялык сүрөт.
“Казакстан темир жолы” ишканасынын күйүүчү-майлоочу майларды ташыган вагондору. Иллюстрациялык сүрөт.

4-октябрда Астана шаарында “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев менен “Казакстан темир жолы” ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Нурлан Сауранбаев жолугуп, жүк ташуу маселесин талкуулашты. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Анда тараптар октябрга карата Кыргызстанга 144 миң тонна көлөмүндөгү мунайзат жеткирүүнү макулдашты. Ушул тапта 24,5 миң тонна мунайзат Кыргызстан тарапка келе жатканы кабарланды.

Жолугушууда Казакстан аркылуу Кыргызстанга транзиттик жүктөрдү өткөрүү, анын ичинде мунай боюнча көйгөй жок экени белгиленип, маалыматтарды таратууда "экинчи" тараптын пикирин эске алуу жана билдирүүлөрдү жасоодо коңшу республиканын чек арасы аркылуу күйүүчү-майлоочу майларды транзит маселелерин тейлеген органдын позициясын да көрсөтүү керектиги айтылды.

3-октябрда Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирип чыккан. Бирикме “Кыргыз темир жолу” ишканасы “Казакстан темир жолы” менен 1-сентябрдан бери сүйлөшүп жатканын, казак тарап октябрга карата жүк алып өтүүлөрдүн айлык планы тууралуу макулдашууну кабыл албай жатканын билдирген.

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы “күйүүчү майды Казакстандын аймагы аркылуу алып өтүүдөгү бул көйгөй 20 күндөн кийин Кыргызстанда май таңкыстыгын жаратышы мүмкүн” деп эскерткен.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы 4-октябрдагы билдирүүсүндө “Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу майдын транзити токтотулду” деген маалымат жалган экенин, тартыштык пайда болот деген кооптонуулар негизсиз экенин маалымдады.

Кыргызстан жылына орто эсеп менен 1,3-1,5 млн тоннадай күйүүчү май керектейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG