Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Акылбек Жапаров "Жунда" заводунун иши эки жылда жанданарын айтты


 “Жунда” заводунун иши 2019-жылы токтоп калган
 “Жунда” заводунун иши 2019-жылы токтоп калган

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы мунай иштеткен "Жунда" заводу эки жылдын ичинде ишин кайра жандантарын билдирди. Ал 4-октябрда парламент жыйынында орун басары Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайга барып, бул маселени чечип келгенин маалымдады.

"Биз "Жунда" маселесине толугу менен чекит койдук. Аны эки жылдын ичинде ишке киргизебиз. Азыр 550 миллион долларлык инвестиция салынмай болду. Ал жерде бир жеке адам бар экен. Кытай өкмөтү анын үлүшүн дагы сатып алды. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуулар түзүлдү. Заводду жаңылоону аягына чыгарсак өзүбүзгө жетиштүү күйүүчү майды кайра иштерип, чыгара алабыз",-деди Жапаров.

Кыргыз өкмөтү өткөн аптада Бакыт Төрөбаев Кытайдагы иш сапарында Шэньси көмүр-химиялык мамлекеттик корпорациясынын "Жунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүп келгенин кабарлаган. Жолугушууда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Чайна Петроль Компани” ишканасын модернизациялоонун экинчи этабын баштоо маселеси талкууланганын, Шэньси провинциясынын жетекчилиги “Жунда” долбоорун улантууга көңүл буруларын айтып, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирген.

Август айында Акылбек Жапаров “Жунда” заводуна барып, өндүрүш аймактары менен таанышып, төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси каралган.

“Жунданын” иши 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, кийин 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, ишкана текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

"Жунда" жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы ошол кездеги Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча кызматы (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, "кылмыштын курамы жоктугуна" байланыштуу аларды актаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG