Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:34

АКШда Өкүлдөр палатасы спикер Кевин Маккартини отставкага кетирди


Кевин Маккарти ушул жылдын башында Өкүлдөр палатасынын спикери болуп 15-жолку аракеттен кийин гана шайланган.
Кевин Маккарти ушул жылдын башында Өкүлдөр палатасынын спикери болуп 15-жолку аракеттен кийин гана шайланган.

АКШда Өкүлдөр палатасында 3-октябрда спикер Кевин Маккартини отставкага кетирүүгө байланыштуу маселе добуш берүүгө коюлду. Бул сунушту 216 конгрессмен колдоп, 210у каршы болду. Бул Кошмо Штаттарында Өкүлдөр палатасынын тарыхында спикерди отставкага кетирген биринчи окуя болуп калды.

Reuters агенттиги бул чечим Маккарти менен анын республикачыл айрым кесиптештери талашып-тартышкан жагдайдан улам кабыл алынганын жазды. Республикачылардын араздашуусу Конгресстин эки палатасында тең убактылуу, 45 күнгө эсептелген бюджет жактырылгандан кийин көп өтпөй күчөгөн.

CNN Маккартинин ордуна убактылуу спикер болуп Түндүк Каролинадан шайланган республикачыл конгрессмен Патрик Макгенри дайындалганын кабарлады.

Кевин Маккарти ушул жылдын башында төрт күнгө созулган 15-жолку добуш берүүдө гана Өкүлдөр палатасынын спикери болуп шайланган.

Соңку жүз жыл ичинде Өкүлдөр палатасы добуш берүүнүн биринчи айлампасында эле шайлап келген. Мындай окуя туура 100 жыл мурда, 1923-жылы болгон жана анда палатанын башчысы тогуз турдан кийин гана шайланган.

Былтыр 8-ноябрдагы шайлоодо АКШда Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана Сенаттын үчтөн бири шайланган. Анын жыйынтыгында Конгресстин төмөнкү палатасында республикачылар көпчүлүктү түзгөн.

2018-жылкы шайлоодо 435 орундун 235ин демократтар, 199ун республикачылар алган. 2020-жылы өткөн шайлоодо демократтардын саны 222ге түшүп, республикачылардын саны 213кө жеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG