Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:04

Бишкек ЖЭБи көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөдү


Бишкек жылуулук электр борборунун кампасы.
Бишкек жылуулук электр борборунун кампасы.

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларга түшүндүрмө берип, мекемени көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөдү.

Түшүндүрмөдө айтылгандай, ЖЭБдин кампалары 330 миң тонна көмүрдү батырууга жөндөмдүү болсо ушул тапта аларда 310 миң тонна көмүр сакталып турат. Борбордун өкүлдөрү бул быйылкы күзгү-кышкы сезонун баштоого жете турганын маалымдап, отун менен камсыздоо бекитилген графиктин негизинде жүрүп жатканын тактаган.

ЖЭБдин басма сөз кызматы билдиргендей, алар былтыркы жылы ушул маалда кышкы сезонго 220 миң тонна запас менен киришкен.

Мунун алдында Kaktus.media басылмасы ЖЭБ баш ийген “Электр станциялары” ишканасындагы булактарына таянуу менен, борбор жылытуу сезонуна бекитилген графигине жетпей жатканын жазып чыккан. Медиа билдиргендей, жеткирүүчүлөр кеминде 50 миң тонна көмүрдү пландалгандан кечиктирип жатышат.

Kaktus.media жазгандай, сентябрдын аягына карата ЖЭБде Казакстандын Шабыркүл кенинен 90 миң тонна көмүр келиши керектигин, мунун 15,9 миң тоннасы келбей калган. Кыргызстандын Кара-Кече кенинен 56 миң тонна келиши керек болсо 33 миң тонна келбей калганы кабарланган.

Бишкек шаарынын ЖЭБинин керектөөсү 1,2-1,5 млн тоннаны түзөт. 2023-2024-жылытуу сезонуна борбор 550 миң тонна Казакстандын көмүрүн, 600 миң тонна Кыргызстандын көмүрүн сатып алары пландалган.

Сентябрдын башында энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев быйыл Бишкекте Кара-Кеченин көмүрүн сатууга жана жагууга тыюу салынганын жар салган. Ал мындай чара борбордо кышында көйгөйгө айланган ышты азайтууга жардам берерин кошумчалаган. Мындан бир нече күндөн кийин энергетика министри Таалайбек Ибраев басма сөз жыйынын өткөрүп, Бишкек шаарында Кара-Кече кенинин көмүрүн сатууга жана жагууга салынган тыюу кайрадан алынып, уруксат берилгенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG