Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:46

БУУ Тоолуу Карабакта миңге жакын армян калганын билдирди


Степанакерт (азербайжанча Ханкенди) шаары бүткөн жер.
Степанакерт (азербайжанча Ханкенди) шаары бүткөн жер.

Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей армян тектүү калктын 1000дейи гана калды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясы билдирди. 3-октябрда таратылган маалыматта Степанакерт шаарында жарандык инфраструктурага эч кандай зыян келтирилбегени, бирок калаа ээн калганы айтылат.

Степанакертти Азербайжан Ханкенди деп атайт.

БУУнун түрдүү багыттарында иштеген адистерден турган топ жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында 1-октябрда Толуу Карабакка барган.

БУУнун басма сөз кызматы акыркы 30 жылда уюмдун кызматкерлеринин Тоолуу Карабакка кирүү мүмкүнчүлүгү болбогонун билдирген.

Аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган. Армян бийлиги 100 миңден ашуун адам келгенин, алар турак-жай менен камсыздалып жатканын маалымдаган.

Азербайжанды "этностук тазалоого" айыптаган Армения БУУнун эл аралык сотуна Бакуга каршы арыз жолдогон.

Азербайжан бийлиги Тоолуу Карабакта жашагандардын коопсуздугуна кепилдик берилерин, аларды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG