Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:01

“Клооп” өзү жөнүндө экспертизанын корутундусун “компетентсиз” деп атады


“Клооп” медиасынын кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.
“Клооп” медиасынын кеңсеси. Иллюстрациялык сүрөт.

“Клооп” медиасынын юристтери редакцияга карата соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дайындаган соттук психологиялык экспертизанын корутундусун окуп чыгып, андагы бүтүмдөрдү кескин сынга алды. Басылманын билдирүүсү анын сайтында жарыяланды.

Медиа кабарлагандай, экспертизага 2022-жылдын 11-ноябрында эле кол коюлганын, бирок документ прокуратура “Клооп Медиа” фондун жабууну талап кылып, бул боюнча соттук териштирүү башталганда гана редакциянын колуна тийген.

Басылма “экспертизага “жогорку категориядагы эксперт-психиатр” Ж. Аралбаев, Ж.Р. Караева жана М.О. Курманалиев, ошондой эле “серепчи жана психология боюнча магистрлер” Ч.Ш. Абдуллаева жана В.А. Терехова кол койгонун” маалымдап, текстте “Клооптун” бир дагы метериалы келтирилбегенин жазды. Ушундан улам медианын юристтери психологиялык корутундуну темадан кабары жок, компетентсиз адамдар даярдаган деп эсептейт.

“Документ экспертизанын корутундусуна окшобойт. Ал эми анын авторлору психиатр менен психологдун компетенциясынын чегинен чыгып кеткен — анда социологияга, саясат таанууга жана тарыхка кыйытмалар бар экенин байкоого болот. Бирок өздөрүнүн түрдүү таланттарын колдонгон авторлор бир дагы маалымат топтомуна, илимий макалага шилтеме кылган эмес. Прокурор “Клоопту” жабуу талабына төмөнкүдөй жүйөнү кетирген — Баткен облусунан калктын “коопсуз аймактарга чыгып кетишине” басылма күнөөлүү имиш. Бирок “психолого-психологиялык” экспертизанын корутундусунда “Клооп” жөнүндө бир да сөз жок – болгону табышмактуу “бир ЖМК” тууралуу кеп козголгон”, – деп айтылат “Клооп” медиасынын соңку билдирүүсүндө.

Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко арыз жазганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун сотко жолдогон кайрылуусунда “Клооп” басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген. “Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Прокуратуранын доосуна байланыштуу соттук отурум 26-сентябрда башталган. Доогер тарап тийиштүү документтердин көчүрмөсүн айыпталуучу тарапка бербегени үчүн отурум 6-октябрга калтырылган.

7-сентябрда Маданият жана маалымат министрлиги "Клооп" жазган камактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун кыйноого кабылганы тууралуу макаланы өчүрүүнү талап кылып, кат жөнөткөн. Министрлик өз талабын "бул макала фейктер жөнүндөгү мыйзамга каршы келет жана УКМКнын аброюна шек келтирет" деп негиздеген. 12-сентябрда "Клооптун" редакциясы министрликтин талабы мыйзамсыз экенин белгилеп, макала өчүрүлбөй турганын жарыялаган. 14-сентябрдан тартып Кыргызстандын провайдерлери басылманын сайтын бөгөттөшкөн.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Алар Кыргызстандын бийлигин медианы жоюу тууралуу арызын артка кайтарып, көз карандысыз репортаждары жана иликтөөлөрү үчүн куугунтуктоону токтотууга чакырууда.

“Клооп” 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG