Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Бишкекте кол салууга кабылган орусиялык ишкер камалды


Кармалган кишинин колуна салынган кишен. Иллюстрация
Кармалган кишинин колуна салынган кишен. Иллюстрация

Орусиялык бизнесмен Александр Гайдуков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын бөгөт чарасын карап, чечим кабыл алган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Гайдуковду атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери 8-сентябрда кармашкан. Алгач тергөөчүлөр аны 6-октябрга чейин камакка алууну суранып, сот аны канааттандырган. Алардын жаңы өтүнүчүнүн негизинде сот ишкердин камактагы мөөнөтүн 6-ноябрга чейин узартты.

Александр Гайдуков кайсы айыптар боюнча кармалганы так эмес. УКМК бул боюнча маалымат бере элек. Kaktus.media басылмасы өз булактарынан алынган маалыматтарга таянып, ишкерге Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси – Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча айып тагылганын жазды.

Александр Гайдуковго 2016-жылы жана 2018-жылы эки ирет кол салуу болгон. Биринчисинде белгисиз адам ок атып, качып кеткен, экинчисинде ал жашаган үйдүн кире беришинде жарылуу болгон.

2018-жылдын 10-августунда Бишкектеги Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн алдында болгон жардыруу жөнүндө кезинде “Азаттык” да жазып чыккан. Анда жарылуунун видеосу да интернетке жарыяланган. Окуя болгон үйдүн байкоо камерасына тартылган тасмадан көрүнүп тургандай, ал үйгө Гайдуковго түспөлдөш адам эки-үч кишинин коштоосунда кирип келе жатканда жанындагы көчөткө илинген белгисиз зат жарылганын көрүүгө болот.

Мындан Александр Гайдуков жеңил жараат алган. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери “Киши өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин алып барышкан.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, Орусиянын жараны Александр Гайдуков Бишкекте "НС Информ Консалтинг”, “BISHKEK-EXPO”, “Кей суппро” жана башка ишканалардын негиздөөчүсү болуп саналат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG