Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Тажикстанда Берлиндеги акцияга катышкандардын жакындарын кармоо уланууда


Берлинде нааразылыкка чыккан тажикстандыктар.
Берлинде нааразылыкка чыккан тажикстандыктар.

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун Берлиндеги сапары учурунда нааразылык акциясын уюштурган активисттердин жакындарын кармоо уланууда.

Оппозициячыл активист Шохражаб Шохиминин үй-бүлө мүчөлөрү Пенжикент райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгени 3-октябрда белгилүү болду.

Буга чейин тажик оппозициясынын Европадагы башка өкүлдөрү да туугандары суракка алынганын билдиришкен. Тажикстанда тыюу салынган “Группа 24түн” ырастоосунда, коопсуздук күчтөрү топтун онго жакын мүчөсүнүн туугандарын кармап кеткен. Айрымдары сурактан кийин бошотулган.

Оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирген Тажикстандын Улуттук альянсы бийликтин бул аракетин “эл аралык кылмыш жана адам уурдоо” деп атаган.

29-сентябрда Эмомали Рахмон Берлиндеги "Германия+Борбор Азия" саммитине катышуу үчүн келгенде, тажик оппозициясынын өкүлдөрү нааразылык акциясын өткөрүп, анын режимине каршы экенин билдиришкен. Президент бараткан автоунаага жумуртка ыргытып, ал канцлердин кеңсесине саммитке келген маалда сыртта плакат көтөрүп турушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG