Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Кыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Ятимов Баткенде жолугушту


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов. 2-октябрь, 2023-жыл. Нургазы Анаркулов тараткан сүрөт.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов. 2-октябрь, 2023-жыл. Нургазы Анаркулов тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда Баткенде жолугушту. Бул тууралуу маалыматты “Азаттыктын” жергиликтүү бийликтеги булактары ырастады.

Ташиев менен Ятимов өз өлкөлөрүнүн Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларын да жетектешет.

Мунун алдында президенттин маалымат саясаты бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, Ташиевге жакын журналист Нургазы Анаркулов Фейсбукта пост жазып, “Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов татаал сүйлөшүүлөрдөн соң кыргыз-тажик чек арасы боюнча кезектеги протоколго кол койгонун” маалымдаган. Анаркулов анда “Тажикстан буга чейин коюп келаткан аймактык дооматтарынан баш тартканын” кабарлады.

“Азаттык” Кыргызстандын Министрлер кабинетинин Делимитация жана демаркация боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаевге байланышканда ал маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Бөрүбаев “Өкмөттүн басма сөз кызматы бул жөнүндө жакын арада кабар таратарын, так маалыматты ошол жактан алуу керектигин” айтты. Президенттик администрациянын жана Министрлер кабинетинин басма сөз катчыларынан малымат алууга мүмкүн боло элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгын эскерген иш-чарада журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чек араны тактоодо Тажикстандын бийлиги мурдагы аймактык дооматтарын дале козгоп, андан баш тартпай жатканын белгилеген. Ташиев бул жагдай сүйлөшүүгө кедергисин тийгизип жатканын айтып, ал жараян улана берсе, Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде коңшу өлкөгө аймактык доомат коёрун кеп кылган.

Ушундан кийин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Дүйшөмбүдөгү элчи Эрлан Абдылдаевди чакырып, Ташиевдин сөзүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Тажикстандын Согд облустук администрациясынын басма сөз кызматы Ташиев менен Ятимов 2-октябрда жолукканын, эки тарап чек арага байланыштуу протоколго кол койгонун ырастады.

Кийинчерээк тажик Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмундагы билдирүү таратканын "Ховар" агенттиги кабарлады. Анда кандай протокол тууралуу сөз болуп жатканы айтылган эмес.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Аны тактоо иштери 2002-жылы башталып, 2020-жылдарга чейин 519 чакырымы толук такталган. 2022-жылы эки өлкөнүн лидерлери жолукканда жалпысынан 664 чакырым тилке боюнча орток пикир бар экенин ырасташкан. Ушул тапта эки өлкөнүн атайын комиссиялары тактала элек тилкелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталбаган тилкелеринде жаңжалдар мурда да чыгып турган. Эки мамлекет 2021-жылы жана 2022-жылы ири куралдуу кагылышты баштан кечирди. Бишкек менен Дүйшөмбү ал үчүн бири-бирин айыптаган. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG