Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:21

Бишкекте шаурмага уулангандар 64кө жетти


Шаурма тамагын жасоо учуру. Иллюстрация
Шаурма тамагын жасоо учуру. Иллюстрация

2-октябрь саат 19:00гө карата Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө шаурмага ууланып ооруканага кайрылгандар 64кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

Уулангандардын 34ү ооруканага жаткырылды. Алардын экөө балдар экени мурдараак кабарланган.

Ооруканага түшкөндөрдүн абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда. Калгандары медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген.

1-октябрда Бишкектеги Чүй жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Беш лаваш" жана "Мидос" тез татым жайларынан шаурма алып жегендер ууланган. Анда жалпысынан 21 адам жабыркап, 15и ооруканага жаткырылган. 2-октябрдын таңына карата ооруканага кайрылгандар 43 адам болчу.

Саламаттык сактоо министрлиги тамактануучу жайларга 72 миң сом айып пул салып, текшерүүдө аныкталган кемчиликтерди жойгонго чейин алар жабылган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүнүн баарын текшерүүнү тапшырды.

Кыргызстанда буга чейин дагы тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG