Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Байден Конгрессти Украинага жардам берүүдө мунасага келүүгө чакырды


Жо Байден.
Жо Байден.

Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден 1-октябрда, жекшембиде Вашингтон Украинага аскердик жардам берүүнү улантарын билдирди. Мындан улам Конгресске кайрылып, бул максаттарга каражат бөлүп берүү маселесинде мүмкүн болушунча эртерек мунаса табууга чакырды.

Мунун алдында Конгресстин эки палатасы тең убактылуу, 45 күнгө эсептелген бюджет тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган жана анда Киевге жардам берүүгө каражат каралган эмес. Эгерде убактылуу бюджет тууралуу мунаса табылбаса соңку он жылдын ичиндеги төртүнчү “шатдаун” башталмак.

Байден "биз Украинага колдоо көрсөтүүнүн токтоп калышына эч кандай шартта жол бере албайбыз" деди жана Конгрессте бул багытта чечим кабыл алышына андай деле көп убактысы жоктугун белгиледи.

Байдендин администрациясы Украинага баасы 24 миллиард доллар деп эсептелген курал-жарак жөнөтүүгө аракет кылып жаткан. Буга негизинен Өкүлдөр палатасындагы жана Сенаттагы республикачылар каршы чыккан. Демократтар менен республикачылар бюджеттеги дагы башка беренелерге байланыштуу дагы талашып-тартышкан.

АКШда жаңы фискалдык жыл 1-октябрда башталат. Эгер Конгрессте жаңы бюджет тууралуу мунаса табылбаса Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинде федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылуу үчүн каражат калбай калат. Бирок конгрессмендер өкмөттүн ишин убактылуу каржылоочу мыйзам долбоорлорун кабыл алса болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG