Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

НАТОнун баш катчысы Анкарадагы кол салууну айыптады


Йенс Столтенберг
Йенс Столтенберг

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Анкарада Түркиянын Ички иштер министрлигине жасалган кол салууну кескин айыптады.

Ал 1-октябрда X социалдык түйүнүндөгү (мурдагы Twitter) баракчасына: "НАТО терроризмге каршы күрөштө Түркия менен тилектеш", - деп жазды.

Жекшембиде эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып каза болгон. Расмий маалыматта анын дагы бир шеригин полиция өлтүргөнү айтылат. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алды. Бийлик муну теракт аракети деп мүнөздөдү.

Интернетке чыккан тасмаларда министрликтин жанына токтогон автоунаадан бир адам чыгып, имараттын кире беришинде өзүн жардырганын көрүүгө болот. Бул жардырууга эч бир топ азырынча жоопкерчилик алган жок.

Президент Режеп Тайып Эрдоган террорчулар максатына жетпей турганын айтып, түрк бийлиги аларга каршы күрөштү улантарын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG