Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:12

Волчанск шаарына урулган соккуда бир киши каза болду


Иллюстрация
Иллюстрация

Орусиянын армиясы 1-октябрда түшкө жуук Харьков облусундагы Волчанск шаарынын борбордук аянтына сокку урду. Украинанын Ички иштер министрлиги бир киши каза болгонун билдирди.

Жекшембиге караган түнү орус күчтөрү Херсон, Запорожье, Харьков жана Донецк олблустарын аткылаганын жергиликтүү бийлик башчылары кабарлаган.

Ал эми Орусиянын Белгород облусунун башчысы украин аскерлери Шебекино шаарындагы борбордук базардын аймагын аткылаганын, үч адам жабыркаганын маалымдаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги жекшемби күнү эртең менен бир учкучсуз учак Краснодар аймагында, дагы үчөө Смоленск облусунда атып түшүрүлгөнүн билдирди, кыйроолор тууралуу айтылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG