Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Эрдоган түрк бийлиги террорчулар менен күрөштү улантарын билдирди


Түркиянын бийлиги террорчулар менен күрөштү уланта турганын президент Режеп Тайып Эрдоган билдирди.

"Өлкө ичинде жана сыртында акыркы террорчу жок кылынганга чейин күрөшүбүздү улантабыз. Террордук уюмдардын саясатка багыт алышына, өлкөбүздүн өнүгүшүнө тоскоол болушуна жол бербейбиз. Бүгүн эртең менен эки канкордун жок кылынышы террордук уюмдун акыркы күрөшү. Жарандардын тынчтыгына, коопсуздугуна коркунуч келтирген шылуундар максаттарына жеткен жок жана эч качан жетпейт", - деди ал 1-октябрда парламентте сүйлөгөндө.

Жекшембиде эртең менен Анкара шаарында Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып каза болгон. Расмий маалыматта анын дагы бир шеригин полиция өлтүргөнү айтылат. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алды. Бийлик муну теракт аракети деп мүнөздөдү.

Интернетке чыккан тасмаларда министрликтин жанына токтогон автоунаадан бир адам чыгып, имараттын кире беришинде өзүн жардырганын көрүүгө болот. Бул жардырууга эч бир топ азырынча жоопкерчилик алган жок.

Жардыруу жасагандар Кайсериде бир адамды өлтүрүп, анын автоунаасын айдап кеткени аныкталганы тууралуу Reuters агенттигине жогорку мартабалуу аткаминер билдирди. Кайсери баш калаадан 260 чакырым алыста жайгашкан.

Түркия парламентинин имараты Ички иштер министрлигине жакын жайгашкан. Жардыруу депутаттар жайкы каникулдан кийинки биринчи жыйынга чогулуп жатканда болду.

Түркияда 2015-2016-жылдары бир катар жардыруулар болгон. Аны “Ислам мамлекети” террордук уюму жасаганын моюнга алган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG