Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Казакстанда Галкиндин концерти күтүүсүздөн токтотулду


Максим Галкин
Максим Галкин

Казакстанда куудул Максим Галкиндин концерттери токтотулду. "Новая Газета Европа" басылмасы жазгандай, артист концерт бере турган залдарда күтүүсүздөн техникалык мүчүлүштүк жаралды.

30-сентябрда Астанадагы "Казакстан" борбордук концерттик залынын жетекчилиги суу түтүктөрү оңдолуп жатканын билдирсе, 1-октябрда Алматыдагы Республика сарайында сахна бузулганы кабарланды.

Галкин 8-октябрда Астанада, 9-октябрда Алматыда концерт бериши керек болчу. Аны уюштуруп жаткан "Казакконцерт" мекемеси Галкинге кырдаал тууралуу маалымат берилгенин билдирди.

Августтун аягында Максим Галкин бир нече айдан бери Казакстанда концерт өткөрүүгө уруксат ала албай жатканын айткан. "Инстаграм" социалдык түйүнүнө жарыяланган видеокайрылуусунда Алматы жана Астана шаарларында концерт өткөрүүсүнө "мамлекеттик деңгээлде" тоскоолдуктар болуп жатканын белгилеген. Кийинчерээк анын концерттерине уруксат берилген.

Орусиялык таанымал куудул, актёр жана шоумен Максим Галкин – даңазалуу орусиялык ырчы Алла Пугачёванын күйөөсү.

Азыркы Орусиянын бийликтерин эгемен Украинага каршы баскынчыл согуш ачканы үчүн ачык айыптаган Галкин 2022-жылы үй-бүлөсү менен Израилге көчүп кеткен. Орусиянын Юстиция министрлиги 2022-жылы 16-сентябрда Галкин мырзаны "чет элдик тыңчылардын" милдетин аткарып жаткан кишилердин тизмесине киргизген. Өкмөттүн бул чечимин орусиялык оппозиция айыптап чыккан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG