Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Төрөбаев үч өлкөнүн темир жол куруу долбоору токтобогонун айтты


Бакыт Төрөбаев.
Бакыт Төрөбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору белгисиз мөөнөткө токтоп калганы тууралуу маалыматтарды четке какты. Ал 30-сентябрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген маегинде, анын техникалык-экономикалык негиздемеси даяр экенин, каржылоо тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын билдирди.

“Долбоор тууралуу жакында эле Кытайдагы иш сапарымдын алкагында тиешелүү тараптар менен жолугуп, сүйлөшүүлөр болду. Темир жолду куруу белгисиз мөөнөткө жылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Учурда үч мамлекет ортосундагы биргелешкен темир жолду куруунун каржылоосу каралууда. Тактап айтканда, каржылоо модели боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Жакшы билесиздер, темир жолду куруу боюнча үч мамлекеттин биргелешкен офиси Бишкекте ачылган",-деген Төрөбаев.

Мунун алдында айрым маалымат каражаттары каржылоонун айынан долбоорду ишке ашыруу токтоп калганын жазып чыгышкан.

Ушул жылдын май айында президент Садыр Жапаров Сиань шаарында “Борбор Азия – Кытай” саммитинде темир жолун куруу тууралуу сөз кылган. Аны ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейтерин билдирген.

Өзбекстандын Самарканд шаарында былтыр сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Ага ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында "Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад" багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG