Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:00

Reuters: Румыния Украина менен чек арада коргонууну күчөтүүдө


Румынияга кулаган учкучсуз учактын сыныктары.
Румынияга кулаган учкучсуз учактын сыныктары.

Румыния Дунайга жакын Украина менен чектеш аймактарга абадан коргонуу жабдыктарын жеткирип, кошумча күч тарта баштады. Бул тууралуу Reuters агенттиги ишенимдүү булактарга таянып билдирди.

Бухарест жана НАТО орусиялык армия Одесса облусундагы Кара деңиздин боюндагы портторго сокку уруп жатканына кабатыр. Буга чейин Румыния өз аймагына америкалык F-16 кыргын салуучу учактарын жайгаштырган. Украинага жакын учууга тыюу салган аймагын 30 чакырымга чейин кеңейткен.

Рейтердин маектештери Румыниянын аймагына учкучсуз учактардын кулап түшүүсү Орусия менен НАТОнун пикир келишпестигин тереңдетип, румын аскерлерин өлкөнү коргоого түртүшү мүмкүн экенин айткан.

Румыниянын Коргоо министрлиги сентябрда өлкө аймагына үч дрон кулаганын билдирген. Анын бирөө Дунай жээгиндеги Украинанын Измаил шаарынын бет маңдайындагы Плауру кыштагына түшкөн. Мындан кийин аскерлер ал жерге бомбадан коргонуучу жай куруп, жашоочулар телефон аркылуу Румынияга келе жаткан дрондор тууралуу кабар ала баштаган. Бирок жергиликтүү бийликтер байланыштын начардыгы эскертүүнү убагында алууга тоскоол болуп жатканын айтышууда.

Румыниянын президенти Клаус Йоханнис жана НАТО буга чейин Орусиянын аракетинен атайын чабуулду көрүшкөн эмес, бирок кулаган дрондун сыныктары Бухарест үчүн көйгөй экенин моюнга алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG