Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Тоолуу Карабактан качкандар 100 миңге чамалады


Тоолуу Карабактан Армения качкандар, 29-сентябрь, 2023-жыл.
Тоолуу Карабактан Армения качкандар, 29-сентябрь, 2023-жыл.

Жикчил Тоолуу Карабакты таштап Арменияга качкан армян тектүү жарандардын саны 100 миңге чукулдады. Бул тууралуу Ереван 29-сентябрда кечинде кабарлады. Армян өкмөтү алардын ичинен 20 миңден ашыгы мамлекеттик турак жай менен камсыз болгонун билдирди.

Жыл башындагы маалыматка караганда, Тоолуу Карабакта 120 миңдей адам жашап жаткан.

Аталган жикчил аймактын бийлиги 20-сентябрдан Азербайжандын шарттарына баш ийип, багынып берүүгө макул болгон жана көп өтпөй ал жактан армян тектүү жарандар жапырт чыгып кете баштаган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 28-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Бакуну "этностук тазалоого" айыптаган. Азербайжандын бийлиги дооматты четке кагып, Тоолуу Карабакта жашагандарды азери коомуна "реинтеграция" кылуу аракетин көрүп жатканын билдирген.

28-сентябрда эл аралык коомчулук тааныбаган аймактын лидери Самвел Шахрамян "Тоолуу Карабак республикасы" деген түзүмдү 2024-жылдын 1-январында жоюу тууралуу буйрукка кол койгон.

Тоолуу Карабактан агылган качкындар үчүн аймакты Армения байланыштырган Лачын коридорунун жанында гуманитардык борбор ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG