Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

“Меганы” сатуу боюнча аукцион октябрга калды


“Альфа Телеком” ишканасынын имараты.
“Альфа Телеком” ишканасынын имараты.

“Альфа Телеком” ишканасын (мурдагы "Мегаком", азыркы "MЕГА" мобилдик байланыш компаниясын) сатуу боюнча аукцион 11-октябрга жылдырылды.

Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду сайтына жазды.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик компаниянын 100% акциясын сатуу боюнча электрондук акцион 2-октябрда өтмөк. 29-сентябрга карата акционго катышуу арызы түшкөн жок. Компанияны сатуу үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын чечими менен аукцион 11-октябрга жылдырылды.

“Мегага” ээлик кылган “Альфа Телеком” ишканасын Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги 14,6 миллиард сомго баалап, 4-июлда сатыкка чыгарган. Мекеме билдиргендей, арыздарды кабыл алуу ошол эле күнү башталган жана быйыл 2-октябрда аяктамак.

Мунун артынан эле президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев “Альфа Телекомду” сатыкка чыгарууну Фейсбуктагы баракчасында комментарийлеп, ишкана сатылганда деле мамлекеттин карамагында каларын жазган. Ал “аукционго “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” катышып, уюлдук операторду сатып алууну пландап жатканын, муну менен компания мамлекет карамагында калып, өлкө экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошуусун улантарын” айткан.

2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт "Альфа Телеком" компаниясынын 49% улутташтырган. 2014-жылы компания толук бойдон мамлекет карамагына өткөн. 2022-жылдын аягындагы баалоо учурунда “МЕГА” мамлекет сатыкка коюла турган 30 ишкананын катарында экени, убагында 19 миллиард сомго бааланганы айтылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев быйыл апрелдеги билдирүүсүндө "MЕГА" компаниясынын баасы 14,6 миллиард сом болуп бычылганын, ишкананы баалоо боюнча мекемелер аралык комиссия бул бааны туура деп тапкан чечимин өкмөткө жөнөткөнүн, өзү каршы добуш бергенин маалымдаган. Эл өкүлү “байланыш компаниясы эми Максим Бакиевдин өнөктөшү, чуулгандуу иштерде аты аталган Алексей Ширшов артында турган ишкананын колуна өтүп кетерин” айткан.

Кыргызстандагы ири улуттук долбоорлорго инвестицияларды салуу жана экономиканы диверсификациялоо максатында “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомун түзүү чечими 2012-жылы кабыл алынып, ошол эле жылы тиешелүү мыйзам чыккан. Иш жүзүндө мындай аталыштагы мекеме он жылдай убакыт уюшулган эмес.

Министрлер кабинети тиешелүү мыйзамдын алкагында 2022-жылы 31-майда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасын түзүү токтомун чыгарып, ачык акционердик коом Юстиция министрлигинен 2022-жылы 25-июлда каттоодон өткөн.

Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланыштарын иликтеп чыккан. Бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Евгения Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген. Май айында Сарбанов иштен кетип, анын ордун Талант Өмүралиев ээлеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG