Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:06

Токаев Астана Орусияга каршы санкцияларды аткара турганын билдирди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана Батыштын Орусияга каршы санкцияларын "аткарарын" билдирди.

"Казакстан Батыштын Орусияга каршы санкцияларын сактайт. Биз санкциялык режимди сактоо үчүн бардык тиешелүү уюмдар менен байланыштабыз",-деди Токаев Берлинде Германиянын канцлери Олаф Шольц менен жолуккандан кийинки биргелешкен маалымат жыйында.

Казакстандын президенти Германияга расмий сапар менен 28-сентябрда барды. Ал немис бийлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, алгачкы Борбор Азия-Германия саммитине катышат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров дагы Берлинге барды.

"Азаттык" радиосунун июнь айындагы иликтөөсү Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган, бир эле учурда жарандык жана аскердик өндүрүштө колдонула турган товарлар Кыргызстан, Казакстанда түзүлгөн компаниялар аркылуу Орусияга кирип жатканын, алардын көбүнүн артында орус жарандары турарын, айрымдарынын армияга катышы бар экенин көрсөткөн.

Буга чейин Батыш Орусияга киргизилген санкцияларды айланып өтүп, Москвага көмөктөшүп жатканы үчүн Астанага экинчи деңгээлдеги чектөөлөрдү киргизиши мүмкүн деген кептер тараган.

Казакстандын бийлиги санкцияларды буйтап өтүүгө жол бербесин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG