Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде “Бала манасчы” айкели орнотулду


“Жаш Манасчы” айкели.
“Жаш Манасчы” айкели.

Президент Садыр Жапаровдун Германиядагы иш сапары башталды. Ал 28-сентябрда Кыргызстандын Берлин шаарындагы элчилигинде орнотулган “Бала манасчы” айкелин көрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Элчи Өмүрбек Текебаев темир айкел Кыргызстанда жасалганын билдирди.

Жанында орнотулган QR-код менен айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү укса болот.

Президент Жапаров немис канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен Германия – Борбор Азия саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Берлин шаарына 28-сентябрда барды.

Өлкө башчы 29-сентябрда Берлинде биринчи жолу өтө турган саммитке катышып, Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сапардын алкагында Борбор Азия лидерлеринин Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер жана немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна да катышары пландалууда.

Кыргызстандын делегациясынын курамында биринчи айым Айгүл Жапарова, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов, экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов бар. (TSh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG