Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Вебкам иши: Даниел Ажиевдин камактагы мөөнөтү узарды


Даниел Ажиевди кармоо учуру. Июнь, 2023-жыл. УКМК тараткан сүрөт.
Даниел Ажиевди кармоо учуру. Июнь, 2023-жыл. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту вебкам студияларды уюштурган деген шек менен кармалган Даниел Ажиевдин абактагы мөөнөтүн 27-сентябрда узартып, аны 29-ноябрга чейин камакта калтырды.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жатат.

Атайын кызмат Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” 5-июнда кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттарда) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга айып тагылган.

Даниел Ажиев өзү 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылган жеринен кармалган. 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Ажиев жана анын адвокаттары комментарий бере элек.

Ал 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн видео чыгарган. Ошондон кийин ага “Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси менен иш козголуп, кармалган.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2020-жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөн. Кийин эркиндикке чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG