Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:55

Селекциядагы зомбулук: Шектүү зордуктоо фактысы боюнча 8 жылга кесилди


Шектүүнүн сүрөтүн милиция жарыялады.
Шектүүнүн сүрөтүн милиция жарыялады.

Чүй облустук соту Селекцияда бычакталган келиндин мурдагы күйөөсүн (А.Э.) "зордуктоо" беренеси менен мурда козголгон иш боюнча сегиз жылга эркинен ажыратты. Иш боюнча апелляциялык арыз 27-сентябрда каралганын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Сокулук райондук сотунун 2023-жылдын 17-апрелиндеги чечими өзгөртүлүп, шектүүгө карата пробациялык мөөнөт алынды.

Селекцияда 36 жаштагы келин мыкаачылык менен запкы көргөндөн кийин жабырлануучу мурдагы күйөөсүнө каршы буга чейин бир нече жолу милицияга кайрылып, иш сотко өткөнү ачыкка чыккан. Шектүүгө эки жолу зордуктоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгону, бирок сот аны пробация менен бошоткону белгилүү болгон.

Жогорку Соттун түшүндүрмөсүнө караганда, биринчи кылмыш иши былтыр 19-октябрда Сокулук райондук сотунда каралып, кыскарган. Буга жабырлануучунун тосмо арыз бергени жана сот отурумунда тараптар элдешкени себеп болгон.

Экинчи кылмыш иши да Сокулук райондук сотунда каралып, айыпталуучу беш жылга кесилген. Сот шектүүнүн улгайган, көзү азиз апасын карай турган эч ким жок деген негизде жана аны менен жабырлануучунун ортосунда эки бала бар экенин эске алып, үч жылдык пробация менен бошоткон.

Жабырлануучу буга макул болбой Чүй облустук сотуна даттанган, анын арызын кароо 27-сентябрга белгиленген.

20-сентябрда Селекция айылында 36 жаштагы аял кулак-мурду кесилген, сабалган абалда ооруканага түшкөн. Кылмышка шектүү катары мурдагы күйөөсү, 39 жаштагы жаран кармалган. Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов келинге алгач сегиз сааттык операция жасалганын айткан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин ("Денеге оор залал келтирүү") негизинде кылмыш иши козголгон, тергөө уланып жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG