Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Казакстанда сот активист Жанболат Мамайдын ишмердигине тыюу салды


Жанболат Мамай, сүрөттүн борборунда.
Жанболат Мамай, сүрөттүн борборунда.

Алматынын Бостандык райондук соту “Демократиялык партия” түзүү боюнча демилгечи топтун лидери, оппозициячыл активист Жанболат Мамайга 2029-жылга чейин китеп жазууга жана басып чыгарууга тыюу салды.

Анын коомдук-саясий жана журналисттик ишмердигин чектөө боюнча 25- отурум болгонун активисттин жубайы Инга Иманбай билдирди.

Сот чечимине ылайык, Жанболат Мамайга жабык имаратта тренинг өткөрүүгө, окуган китептери боюнча онлайн эфир уюштурууга, маалымат каражаттарына интервью берүүгө, укук коргоо иши менен алектенүүгө, сотторго мониторинг жасап, түрдүү жыйындарга катышууга, китеп жазып, аны басып чыгарууга болбойт.

Судья эгер Жанболот Мамайга чечимди аткарбаса камаларын эскерткен.

Активистке Казакстандагы былтыркы Январь окуясына байланыштуу кылмыш иши козголгон. Быйыл апрелде сот аны күнөөлүү деп тап, алты жылга шарттуу кескен жана пробациялык көзөмөл орноткон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG