Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:34

ИИМ: Аялдарга зомбулук көбөйдү, быйыл 8512 окуя катталды, анын 19у “орчундуу факт”


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан берки сегиз ай ичинде үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 8512 факт катталганын бүгүн 27-сентябрда Жогорку Кеңеште аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугу тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Ал жалпы статистиканын арасынан 19 окуяны “орчундуу факт” деп атап, 7419 аялга милиция “коргонуу ордерин” жазып бергенин айтты.

“Былтыркы жылга караганда өсүү темпи бар. Азыркы санариптештирүү шартында милициянын көчмө пункттары өзүлөрү барып аныктагандыктан жана Ички иштер министрлиги орноткон 3,5 миңдей камера аркылуу да аныктап жатабыз”.

Депутат Шарапаткан Мажитова расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганын белгиледи:

“Сиз берген маалымат үчтөн бири гана. Көпчүлүк зордук-зомбулук айтылбай келет. Сиз айткан 8 миң 30 миң дегенди билдирет”.

Урмамбетов депутаттын бул пикирине “Туура айтасыз, бизге жетпей калган маалыматтар бар. Биз аны ачык айтышыбыз керек”, - деп жооп берди.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG