Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:28

УКМК кармаган Бишкек шаардык сотунун судьясы камалды


Бишкек шаардык сотунун судьясын кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Бишкек шаардык сотунун судьясын кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери боюнча коллегиясынын судьясы (И.Н.А.) опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматында, шаардык соттун айрым судьялары каралып жаткан кылмыш ишинин алкагында эркинен ажыратуу менен байланышпаган чечим чыгарып берүү үчүн адвокаттын ортомчулугу менен соттолуучунун жакын туугандарынан опузалап 5 миң доллар (443 500 сом) өндүрүп алганы айтылат.

Иликтөө иштеринде соттор туруктуу коррупциялык схема уюштуруп алганы, ага “ишенимдүү” адвокаттар тартылганы аныкталган.

“Ошол эле учурда, судьяга каражатты берүүнүн алдында жактоочунун жанында мурда даярдалган (адалдоого алынган) каражат болушу керек эле, алар соттук коллегияга кирген экинчи инстанциянын судьяларынын ортосунда бөлүштүрүлгөн. Белгилей кетсек, акча алмаштыруунун бул схемасы системалуу мүнөзгө ээ болуп, судьялар менен алдын ала макулдашылып адвокат тарабынан анын кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында ишке ашырылып жүргөн. Бул кылмыштуу амалдын катышуучуларынын планы боюнча, эгерде алар укук коргоо органдары тарабынан кармалса, адвокат туруктуу жана ишенимдүү ортомчу катары, акча каражатын көрсөткөн юридикалык кызматы үчүн акы катары алганын айтмак, ал тууралуу алдын ала ойдон чыгарылган келишим түзүлүп даярдалган”, - деп айтылат маалыматта.

27-сентябрда Бишкек шаардык сотунун судьясы (И.Н.А.) Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 26-ноябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Атайын кызмат бул коррупциялык схемага тиешеси бар Бишкек шаардык сотунун башка судьялары боюнча да ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Кармалган судья Бишкек шаардык сотунун судьясы Илиязова Назгүл Асанбековна экени айтылууда. Атайын кызмат тараткан инициал анын аты-жөнүнө туура келет. Шаардык сот окуя боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG