Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:07

Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары маалымат берди


Айбек Жунушалиев.
Айбек Жунушалиев.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Ички иштер министрлигине (ИИМ) күбө катары маалыматтарды берди. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков кабарлады.

25-сентябрда айрым жалпыга маалымдоо каражаттары инвесторлордон опузалап каражат талап кылган деген шек менен кармалган адамдардын иши боюнча ИИМде күбө катары сурак бергенин жазышкан.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматы Айбек Жунушалиев суракка алынбаганын, күбө катары маалыматтарды бергенин билдирди.

ИИМ 25-сентябрда чет элдик жаранды коркутуп 200 миң доллар талап кылган үч адам кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киригизилгенин маалымдаган.

Мунун алдында президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Кыргызстанда жогорку даражалуу чиновниктер менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон опузалап көп суммада акча талап кылган шектүү кармалганын жарыялаган.

Социалдык тармактын колдонуучулары кармалган адам Төлөнбай Нурбаев экенин жазышууда. Шектүүлөрдүн жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG