Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Москва Пашиняндын кайрылуусун "Орусияга каршы чабуул" деп сындады


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын 24-сентябрдагы кайрылуусун "Москвага каршы кабыл алынгыс чабуул" деп сыпаттады.

Министрлик дүйшөмбү күнү жарыялаган билдирүүдө Пашинян акыркы кырдаалга байланыштуу "күнөөнү Москвага оодарып, ички жана тышкы саясаттагы мүчүлүштүктөр үчүн жоопкерчиликтен арылуу аракетин көрүп жатканы" белгиленген.

Кремль Пашиняндын акыркы кадамдарын "Батышка ыктоо" катары мүнөздөп, Москва дайыма ишенимдүү союздаш болгонун, Ереван ката кетирип жатканын билдирди.

Пашинян жекшембидеги телекайрылуусунда армян-орус аскердик кызматташтыгын сындаган:

"Жамааттык коопсуздук келишим уюму жана армян-орус аскердик-саясий кызматташтыгынын инструменттери Армениянын тышкы коопсуздугун коргоо үчүн жетишсиз экени баарыбызга айкын болду".

Армян өкмөт башчысы Тоолуу Карабактагы армяндардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Азербайжан менен Орусиянын күчтөрүнүн моюнунда экенин айткан.

Баку Азербайжан менен Армениянын ортосундагы талаштуу Тоолуу Карабакты 20-сентябрда толук көзөмөлгө алганы жарыялаган. Андан бери аймактагы миңдеген армян тектүү калк Арменияга көчө баштады. Оппозиция бийликти сындап, Пашиняндын отставкасын талап кылган митингдерди өткөрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG