Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:29

Тоолуу Карабактан качкан армяндардын алгачкы тобу Арменияга жетти


Корнидзордогу гуманитардык түйүн, 24-сентябрь 2023-жыл.
Корнидзордогу гуманитардык түйүн, 24-сентябрь 2023-жыл.

Азербайжан күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн Тоолуу Карабактан жер которгон этностук армяндардын алгачкы тобу жекшемби күнү Арменияга жетти.

"Азатютюн" радиосунун кабарчысы билдиргендей, жүздөгөн адамдар Армениянын түштүгүндөгү Сюник облусунун Корнидзор аймагына жайгаштырылды. Бул жерде качкындарга гуманитардык жардам көрсөтүүчү пункт ачылган.

Мындан тышкары тез жардам унаалары адистердин жана Кызыл чырымдын өкүлдөрүнүн коштоосунда оор жаракат алган 23 кишини Тоолуу Карабактан Арменияга жеткирди.

Тоолуу Карабакты 120 миңдей этностук армян байырлайт деп кабарланып келет. 19-20-сентябрдагы "антитеррордук" деп мүнөздөлгөн операциядан кийин аймакка көзөмөлүн орноткон Азербайжандын бийлиги карабактык армяндардын саны айтылгандан аз деп эсептейт.

Расмий Баку Карабактагы жайкын тургундарды коргоого алып, реинтеграциялоону көздөрүн, курал-жарагын таштаган карабактык армян күчтөрүнө ырайым берилерин айтып жатат.

Бирок 24-сентябрда Тоолуу Карабактагы жикчил армян өкмөтүнүн де-факто лидери Самвел Шахраманяндын кеңешчиси Давид Бабаян аймактагы этностук армяндар "Азербайжандын бир бөлүгү болуп жашагысы келбей турганын", алардын "99 пайызы өз жеринен көчүп кеткиси келерин" Reuters жаңылыктар агенттигине билдирди.

Аны улай Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабактагы армяндардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Азербайжан менен Орусиянын күчтөрүнүн мойнунда экенин айтып, эгер зарыл болсо, Армения карабактык армяндарды кабыл алууга даярдыгын белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG