Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Түркия менен Азербайжандын президенттери Нахичеванда жолугат


Эрдоган менен Алиевдин быйыл февраль айындагы кездешүүсү.
Эрдоган менен Алиевдин быйыл февраль айындагы кездешүүсү.

25-сентябрда Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган Азербайжандын лидери Ильхам Алиев менен жолугат. Жолугушуу Азербайжандын Армения, Иран жана Түркия менен чектешкен Нахичеван эксклавында өтөрүн түрк президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Тоолуу Карабактагы "соңку окуялар" эки лидердин сүйлөшүүлөрүнүн негизин түзөт.

Расмий Анкара 30 жылдан ашык убакыттан бери этностук армяндар көзөмөлдөп келген Тоолуу Карабак аймагын кайтарып алуу боюнча Азербайжандын аракетине колдоо көрсөтүп келген.

Расмий Баку 19-20-сентябрдагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операциясынан кийин Карабакка толук көзөмөлүн орнотконун жарыялады.

Расмий Баку Карабактагы жайкын тургундарды коргоого аларын, курал-жарагын таштаган карабактык армяндарга ырайым берилерин айтып жатат. Бирок жергиликтүү жикчил өкмөттүн де-факто лидерлери карабактык армяндардын басымдуу бөлүгү Арменияга көчүп кетүүнү кааларын билдиришүүдө.

24-сентябрда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Тоолуу Карабакта "этностук куугунтук" коркунучу уланып жатканын, аймактагы армяндардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик Азербайжан менен Орусиянын күчтөрүнүн мойнунда экенин айтты.

Тоолуу Карабактан чыккан этностук армяндардын алгачкы тобу жекшембиде Арменияга жеткени белгилүү болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG