Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Бенну астероидинин кыртышынан алынган үлгү Жерге жетти


Бенну астероиди.
Бенну астероиди.

Бенну астероидинин кыртышынан алынган үлгүлөр салынган капсула жекшемби күнү АКШнын Юта чөлүнө ийгиликтүү конду. Osiris-Rex космостук кемеси бул капсуланы 100 чакырымдык бийиктиктен планетаны көздөй коё берген.

Окумуштуулардын эсебине ылайык, капсулада көмүртекке бай Бенну астероидинин кыртышынан алынган 250 граммдай же бир чөйчөктөй чаң, кум-шагыл бар. Бирок үлгүнүн көлөмү капсула ачылгандан кийин гана так билинет.

Бул АКШнын НАСА космостук агенттиги Жерге алып келген алгачкы астеорид үлгүсү болуп калды. Айдын үлгүлөрүн эсепке албаганда буга чейин Жапония гана астеориддин үлгүлөрүн планетага жеткире алган.

Бенну - Күн системасында Жерге коркунуч жаратышы мүмкүн деген астероиддердин катарына кирет. Илимпоздор узун-туурасы 500 метрди түзгөн астеориодде мындан 4,5 миллиард жыл мурдагы космостук материалдар бар деп эсептешет. Андан алынган үлгүлөр Күн системасы адеп кандай шартта түптөлгөнүн түшүнүүгө жардам бериши мүмкүн.

Беннудан үлгү алууну максат кылган Osiris-Rex кемеси 2016-жылы учурулган. Кеме 2020-жылы астеороидден үлгүлөрдү узун таяк сымал жабдык аркылуу сордуруп алган. Osiris-Rex кемеси үлгүнү Жерге жөнөткөндөн кийин башка астероидди изилдөөгө бет алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG