Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

ӨКМге эки мобилдик оорукана берилди


Мобилдик оорукнаалар жайгашкан унаалар. Бишкек. 24-сентбярь, 2023-жыл.
Мобилдик оорукнаалар жайгашкан унаалар. Бишкек. 24-сентбярь, 2023-жыл.

Президент Садыр Жапаров 24-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) эки талаа госпиталын өткөрүп берди. Мобилдик ооруканаларды Кытай тарап эки өлкө лидерлеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында кайтарымсыз гранттык негизде берген.

“Дүйнө элин кооптондурган өзгөчө кырдаалдарды эске алуу менен мындан эки жыл мурун февраль айында Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине көчмө талаа госпиталын алууга, медициналык зарылчылыкты бекемдөөгө тапшырма берилген”, - деди Жапаров техниканы тапшырып жатып.

Анын сөзүнө караганда, бир талаа ооруканасы Бишкек шаарына, экинчиси Ош шаарына жайгаштырылат.

Садыр Жапаров Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерин мындай мүмкүнчүлүктү туура колдонууга чакырды.

Президенттин сайтындагы маалыматка ылайык, China Sinopharm International фирмасынын мобилдик госпиталы атайын 19 жол тандабас автоунаалардын базасында куралган.

Мобилдик ооруканалар өзгөчө кырдаалдарда жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтө алат.

Бир мобилдик госпитал күнүнө 150 бейтапты амбулатордук кабыл алып, 20га чейин хирургиялык операцияларды жүргүзүүгө, 90 бейтапты жаткызып дарылоо мүмкүнчүлүгү бар. Мындан тышкары 8 орундуу интенсивдүү терапия бөлмөсү жайгашкан.

Бир госпиталды 60 адис тейлейт, оорукана өзү 5-6 саат ичинде куралат. Медициналык жана тейлөө персонал үчүн 60 орундук өзүнчө чатырлар каралган.

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилеси 1992-жылы негизделген. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара 858 чакырымды түзөт, ал такталып бүткөн. Кыргызстандын соңку эсептеги 5 миллиард долларга чукул тышкы карызынын орчундуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG