Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

Financial Times: АКШ Украинага ATACMS ракеталарын берет


ATACMS ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт.
ATACMS ракетасы. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Украинага алыскы аралыкка атуучу ATACMS ракеталарын берүүнү украин президенти Владимир Зеленскийдин сапарына чейин эле чечкен. Бул тууралуу британиялык Financial Times басылмасы өзүнүн булактарына шилтеме кылып жазып чыкты. Андан мурдараак NBC телеканалы өз булактарына таянып, Байден Зеленскийге ракеталарды берүү боюнча 21-сентябрда айтканын жазган.

Ак үй бул маалыматтарды расмий тастыктоодон баш тартууда.

Financial Times жазгандай, Байдендин администрациясы өз чечимин жарыялабоону чечкен. Басылмага маалымат бергендердин бири Орусиянын ракета тууралуу алдын ала кабардар болушун каалабагандыктан, ушундай чечим кабыл алганын билдирген. Басылманын маалымдашынча, ATACMS Украинага азырынча бериле элек, бирок жакында алгачкылары жибериле баштайт. Башында "азыраак өлчөмдө" жиберилери айтылган менен, канча экени тууралуу так маалымат жок.

Ишемби күнү Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер журналисттин Украинага ракета берүү убадасы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, "Мен бул маалыматты тастыктагым келбейт. Президент буга чейин да бул тууралуу айткан. Мен жарыялай тургандай жаңы эч нерсе жок" деди.

ATACMS ракеталарын Украина HIMARS жана M270 ракеталык комплекстеринен учура алат. Маалымат каражаттарынын божомолунда мындай 300 чакырым радиуска чейинки күчү бар ракеталар каршылаштын жөө аскерлерине каршы колдонулат. Ошондой эле курал-жабдык сактаган камапаларына, камсыздоо борборлоруна, командалык пункттарына алыстан туруп, таамай сокку ура алат.

Ишембиде Кошмо Штаттардын бийлиги Украинага 325 млн долларлык жаңы аскердик жардам жөнөтөрүн, анын ичине Avenger абадан коргонуу системасы, HIMARS ракеталык комлексине ок-дарылар жана башка курал-жабдык кирерин АКШнын Коргоо министрлиги жарыялады. Маалыматта жаңы аскердик жардамдын курамында ATACMS ракеталары жок экени кабарланган.

Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери Вашингтон Киевге жалпысынан 43,9 млрд долларлык аскердик жардам көрсөттү. НАТО өлкөлөрү миллиарддаган доллар аскердик, финансылык жана гуманитардык жардам берди. Германия 22 миллиарддан ашык, Улуу Британия 15 миллиардга жакын доллар бөлгөн. Башка өлкөлөрдөн келген жардам салыштырмалуу азыраак.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG