Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:22

Канат Сагымбаев УКМКга баарлашууга барып келгенин айтты


Канат Сагымбаев.
Канат Сагымбаев.

23-сентябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагымбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) баарлашууга барып келгенин билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды. Бирок кайсы маселе боюнча баарлашуу болгонун тактаган жок.

Мунун алдында КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева УКМКнын эки кызматкери Канат Сагымбаевди автоунаага салып кеткенин, суракка же баарлашууга эч кандай чакыруу берилбегенин кабарлаган.

Атайын кызмат бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

Канат Сагымбаевге 2020-жылдагы Октябрь окуясы боюнча айып тагылып, 2022-жылы кылмыштын курамы жок деген негиз менен Бишкектин Биринчи май райондук соту аны актаган. Ал 2019-жылдын август айында Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясындагы башаламандыкка да айыпталып жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG