Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Балбан Акжол Махмудов - эки жолку Дүйнө чемпиону


Акжол Махмудов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2023-ж. Сербия.
Акжол Махмудов күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында. 21-сентябрь, 2023-ж. Сербия.

22-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Акжол Махмудов алтын медал тагынды.

Грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта күч сынашкан Махмудов финалдык беттеште азербайжандык Санан Сулеймановду жеңди (1:1). Махмудов грек-рим күрөшүнөн экинчи жолу Дүйнө чемпиондугун жеңген алгачкы кыргызстандык болуп калды. Ал бир жыл мурда дагы Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынган.

Махмудов финалга чейин 21-сентябрда төрт беттеш өткөрүп, норвегиялык Пер Андерс Курени (4:3), 1/8 финалда египеттик Мохаммед Ехаб Захаб Халилди (9:0), ¼ финалда өзбекстандык Арам Варданянды (6:0), жарым финалда жапониялык Нао Кусаканы 7:5 эсебинде утуп алган.

Акжол Махмудов 24 жашта. Азиянын үч жолку чемпиону (2018-ж., 2022-ж., 2023-ж. ) Олимп оюндарынын күмүш байгесинин ээси (2021-ж.). Кадеттер (уландар) арасында Дүйнө чемпиону (2016-ж.). Жаштар арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш (2017-ж.) жана коло байгелеринин ээси (2018-ж.). Уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону (2016-ж., 2017-ж.).

Балбан 2024-жылкы Париж Олимпиадасына жолдомого да ээ болду. Махмудовдон сырткары бул чемпионаттын алкагында азырынча ушундай эле жолдомону Айпери Медет кызы, Айсулуу Тыныбекова жана Жоламан Шаршенбеков утту. Тыныбекова бул мелдеште 3-жолу Дүйнө чемпиону болсо, Айпери Медет кызы күмүш медал тагынды.

Жоламан Шаршенбеков 23-сентябрда 60 кг салмакта финалда жапониялык Фумита Кеничиро менен беттешет. Финалдык беттештер саат 22:00дө башталат.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 24-сентябрга чейин уланат. Таймаштар эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 10дон салмакта өтүп жатат.

Мелдеште олимпиадалык салмактарда алтын, күмүш, коло байге алгандарга жана 5-орунду ээлеген бирден балбанга Олимп оюндарына жолдомо берилет (жалпы 90 жолдомо). Алдыда грек-рим күрөшүнөн 63 кг, 67 кг жана 87 килограмм салмактарда таймаштар бар. Кыргызстандан Дастан Кадыров (63 кг), Амантур Исмаилов (67 кг) жана Азат Салидинов (87 кг) күч сынашат.

Күрөш боюнча Олимпиадага жолдомо берилчү салмактар төмөндөгүдөй:
Эркин күрөштөн 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг, грек-рим күрөшүнөн 60, 67, 77, 87, 97 жана 130 кг жана кыз-келиндер күрөшүнөн 50, 53, 57, 62, 68 жана 76 кг. (ECh)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG