Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Мектепте мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салуу сунушталды


Бишкек. №91 мектеп. Сүрөт Интернеттеги ачык булактардан алынды.
Бишкек. №91 мектеп. Сүрөт Интернеттеги ачык булактардан алынды.

Кыргызстандын мектептеринде ата-энелерден мыйзамсыз акча чогултууга айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Жогорку Кеңештин сайтындагы мыйзам долбоорунда мектепте мыйзамсыз акча чогулткандарга 7500 сом, коомдук фонд аркылуу акча чогулткандарга 10 миң сом, юридикалык жак болсо 28 миң сом айып пул салуу каралган.

Мыйзам долбоорун депутат Миргүл Темирбаева демилгеледи. Негиздеме катында “мыйзам долбоору мектепте акысыз билим алуу укугун камсыз кылууга жана мыйзамсыз акча чогултууларды, анын ичинде мектептерде коомдук фонддорду түзүү жолу менен болтурбоого багытталган”, - деп жазылат.

Май айында президент Садыр Жапаров “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыкта мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарында (1-класстан 11-класска чейинки мектептерде) мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жана мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынары белгиленет. Ага жол берген мектеп директорлору жана мугалимдердин жоопкерчилиги каралары эскертилет.

Бишкекте дээрлик ар бир мектепте жана бала бакчада ата-энеден мыйзамдуу түрдө ай сайын акча алып туруучу фонддор бар. Ал фонддон акча мугалимдин айлыгына кошумчага, кароолчуга, тазалоо каражаттарына жана башка муктаждыктарга бөлүнүп турат. Фонддун акчасы боюнча ачыктык жоктугун айткан ата-энелер бир жылдары Өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акцияларын уюштуруп келишкен. Ал эми кээ бир мекемелердин кызматкерлери жумушу оор экенин, мамлекет төлөгөн айлык аз болгондуктан ата-энелер фондунун кошумча маянасы үчүн гана иштеп жүргөнүн билдиришкен. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG