Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:45

Тоолуу Карабакта армяндардын тагдыры бүдөмүк


Тоолуу Карабактан чыгып кетип бараткан армяндар
Тоолуу Карабактан чыгып кетип бараткан армяндар

Бир суткага созулган согуштун аркасы менен Азербайжан дээрлик отуз жылдан кийин Тоолуу Карабакты өз карамагына алганын жарыялады. Тактап айтканда, жикчил аймактын иш жүзүндөгү лидерлери Бакунун шарттарына баш ийип, ок атышууну токтотуп, багынып берүүгө макул болушту. Ал жактагы этностук армяндардын тагдыры кандай болот деген кооптонуу чоң.

21-сентябрда Азербайжандын Евлан шаарында өткөн расмий Бакунун делегациясы менен жикчил Тоолуу Карабактын иш жүзүндөгү бийлигинин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында эч кандай макулдашууга кол коюлган жок.

Азербайжан президентинин администрациясы билдиргендей, жолугушуу "конструктивдүү жана жаркын маанайда" өттү.

Ошондой эле тараптар жакын арада дагы сүйлөшүүнү макулдашкан.

Азербайжан тараптын делегациясын депутат Рамин Мамедов жетектеп барды.

Ал эми жикчил Тоолуу Карабактын атынан сүйлөшүүгө аймактын Улуттук кеңешинин өкүлдөрү Сергей Мартиросян жана Давид Мелкумян катышты.

Маалымат каражаттары жазгандай, жикчил аймактын өкүлдөрүн орус бейпилдик күчтөрү коштоп жүрдү.

Евлахта өткөн сүйлөшүүнүн катышуучулары. 21-сентябрь, 2023-жыл.
Евлахта өткөн сүйлөшүүнүн катышуучулары. 21-сентябрь, 2023-жыл.

Сүйлөшүү жүрүп жаткан маалда Тоолуу Карабактын бийлиги Бакуну ок атышпоо режимин бузганы үчүн айыптады. Азербайжандын Коргоо министрлиги бул дооматтарды четке какты. Жикчил аймактын борбору Степанакертте ок атуунун үндөрү угулуп жатканын жергиликтүү полиция билдирип, тургундарга жер төлөлөрдөн чыкпоону эскертти.

Этностук армяндардын тагдыры

Тоолуу Карабактын 120 миңдей калкынын басымдуу бөлүгүн этностук армяндар түзөт. Учурда алардын көбү Степанакерттеги аэропортко топтолуп, аймактан чыгып кетүү аракетинде. Алар азери бийлиги «куугунтуктап, басмырлашы мүмкүн» деп кооптонуп турушат.

Евробиримдик Азербайжандын президентин аймактагы этностук армяндардын укугун коргоп, «ок атууну толук токтотуп, армяндарга коопсуз, татыктуу мамиле жасоого» чакырды. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель 19-сентябрда Илхам Алиев менен телефондон сүйлөшкөндө айткан.

Орусиялык саясат таануучу Аркадий Дубновдун айтымында, учурда баарынан да этностук армяндардын тагдыры эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда болууга тийиш. "Карабактагы 100 миңден ашуун армяндын баары Арменияга көчүп кетпеси белгилүү. Бирок расмий Баку ал жактагы армяндарды сүрүп чыгарууга аракет кылышы мүмкүн. Мунун баары армян дүйнөсү үчүн гуманитардык коркунуч жаратат", - деди журналист.

Баку Тоолуу Карабактагы этностук армяндардын мындан кийинки тагдыры Азербайжандын ички иши экенин айтууда. Мындай билдирүүнү Sky News Arabia телеканалына курган маегинде Азербайжан президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү Элчин Амирбеков жасады.

"Биз армян тарапка тынчтык сүйлөшүүнүн долбоорун тапшырдык, эми жообун күтүп жатабыз. Ал эми Тоолуу Карабактын аймагындагы армяндардын репатриациясы тууралуу айтсак, бул Азербайжандын ички иши болгондуктан макулдашуу ага негизделбейт", - деди Амирбеков.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Тоолуу Карабактагы "антитеррордук операциянын» жыйынтыгында бир күндө «өз суверенитетин калыбына келтиргенин" айтып, этностук армяндардын коопсуздугуна кепилдик берилерин ишарат кылды.

"Адилетсиздикке карабай, армян режиминин кылмыштарына карабай, биз эч качан армян элин бул үчүн күнөөлөгөн эмеспиз. Биз кылмыштуу режимди, лидерлерин жоопкерчиликке тартабыз. Кимдир бирөө татыктуу жазасын алды. Башкалары дагы алат", - деп эскертти Алиев.

Ал эми Эл аралык кризис тобунун өкүлү Олег Игнатовдун пикиринде, жикчил аймакта жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдарды коркунуч тооруду.

"Москванын ичи ачышып, кыжыры кайнап турганы байкалат"

Бул процесстин тездешине Армения менен анын колдоочусу Орусиянын ортосундагы мамилелердин кескин начарлашы өбөлгө түздү. 2020-жылдагы ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында Орусиянын 2000 кишиден турган тынчтык орнотуу контингенти Карабактын дагы эле этностук армяндар көзөмөлдөп турган бөлүгүнө жайгаштырылган.

Ереван орус бейпилдик күчтөрүн өз милдеттенмелерин аткарбай жатканы үчүн буга чейин бир нече ирет айыптаган.

Бул жолу да өкмөт башчы Никол Пашинян Азербайжан 19-сентябрда аскердик операциянын башталышы тууралуу Баку алгач Орусияны кабардар кылганы "таң калтырганын" айтты.

"Албетте, бул Азербайжандын версиясы. Ошентсе да биз орус өнөктөштөрүбүздөн бул тууралуу эч кандай маалымат алган жокпуз", - деди өкмөт башчы.

Буга чейин Баку Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгына жана түрк-орус байкоочу борборунун жетекчилигине аймакта "антитеррордук операция" баштаары тууралуу маалымат бергенин белгилеген.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Тоолуу Карабактын аймагындагы соңку окуяларды "Азербайжандын ички иши" деп баалаган.

Айрым эксперттер муну менен Москва ага "баш ийбеген" Пашиняндан өч алганын белгилеп жатышат. Нью-Йорктогу Колумбия университетинин профессору Александр Кули Ереван Москванын "кыжырына тийгенин" белгиледи:

"Пашинян Москваны ачык-айкын сындай баштады. Албетте, бул Москвага жаккан жок. Армениянын америкалыктарды аскердик машыгууга чакырганы Кремлдин кыжырын келтирди. Захарова айымдын “Армения коопсуздугун камсыздоо үчүн НАТОго барсын” деген билдирүүсүн көрсөңүз керек. Айтор, Москванын ичи ачышып, кыжыры кайнап турганы байкалат. Анткени Армения чындап эле Орусия коопсуздукка кепил боло алабы деген суроону ачык айтып чыкты" - деди америкалык эксперт.

Талаштуу аймактын тарыхы тарыхы

Өткөн кылымдын 90-жылдардын башында Азербайжанага караштуу Тоолуу Карабак автономдук облусу Армян ССРинин колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялаган, 1991-жылдын сентябрында болсо өзүн-өзү “Тоолуу Карабак Республикасы” деп жарыялаган.

Ортодо чыккан согуштан улам 1988-1994-жылдары 30 миңдей адам өлгөн. Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага ыктаган бир нече району Армениянын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада 100 миңден ашуун адам, көбүнчө этникалык азербайжандар качкын болгон же жер которгон.

“Тоолуу Карабак Республикасын” расмий түрдө Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бир да өлкө, анын ичинен Армения да тааныган эмес.

Армения менен Азербайжан ортосундагы экинчи согуш 2020-жылдын күзүндө тутанган. Алты жумага созулган куралдуу кагылышта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранынан айрылганы кабарланган.

Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган. Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Анткен менен ок атышпоо режими так сакталбай келген. Өзгөчө соңку айларда чек арада атышуулар катталып, эки тарап бул үчүн бири-бирин айыптап келген.

Быйыл жайда расмий Ереван Азербайжан бийлигин жикчил Тоолуу Карабакты Армения менен байланыштарган жалгыз өтмөк - Лачын коридорун жаап салып, жикчил аймакта "гуманитардык кризис" жаратканы үчүн айыптаган. Баку дооматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG