Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Ташиев ундун кымбаттаганын айткан депутаттарга жооп берди


Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ундун баасынын кымбатташы боюнча маселе көтөргөн Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп берди.

Бул тууралуу ал 21-сентябрда Фейсбук баракчасына жазгандай, ундун баасын туруктуу кармоо жана толук камсыздоо боюнча кошумча чаралар көрүлгөн.

Ал Казакстандан келген ундун баасынын кымбатташы элге таасир этпей турганын жазды.

"1-сорттогу бир килограмм ундун баасы 30 сом, бир мүшөгү 1500 сом. Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн. Себеби, арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер жетиштүү, баа көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган", - деп жазган Ташиев.

Жогорку Кеңештин 20-21-сентябрдагы жыйындарында кымбатчылык маселеси көтөрүлгөн. Бир катар депутаттар базарда ундун, нандын жана башка азык-түлүктөрдүн баасы көтөрүлгөнүн айтып, өкмөттүн ишин сынга алышкан.

Министрлер кабинети буудай, меслин жана буудай унун Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагынан сыртка ташууга убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG