Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

Алимжановдун мандатына байланыштуу депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин жыйыны.
Жогорку Кеңештин жыйыны.

Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында "Альянс" фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыратылышы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталды.

Мындай сунушту айткан фракция лидери Жанарбек Акаев Алимжановдун дипломуна байланыштуу коюлган айыптар негизсиз экенин, мунун депутат өзү далилдеп бергенин билдирди.

"Фракция БШКнын чечимдерин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү чечимин чыгардык. Фарходбек Алимжанов 6 миңге жакын добуш алып, парламентке келген депутат. Ал өзү окууга катышып, мамлекеттик сынактарга барганын, чогуу окуган адамдары аркылуу ЖМКларга маалымат берип, далилдеди", - деди Акаев.

Ал фракция БШК чечимин депутатка карата адилетсиз мамиле катары баалай турганын билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Самыйкожо БШКнын чечими кечигип кабыл алынганын сындап, мунун себебин сурады.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо алдында Алимжановдун диплому жөнүндө маалыматты Билим берүү жана илим министрлиги текшерип, оң корутунду бергенин, шайлоо бүткөндөн кийин диплом маселесине байланышуу талкуулар көбөйгөндө укук коргоо органдары текшерүү иштерин баштаганын билдирди.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча тергөө жүрүп жатканын билдирген. Шайлдабекова мындан улам БШК Билим берүү жана илим министрлигине кайра кайрылганын айтты.

"5-июлда Билим берүү министрлиги жөнөткөн маалыматта Ош мамлекеттик университети Алимжановго диплом берүү боюнча 2016-жылдын 23-июнундагы буйрук жокко чыгарылып жатканын билдирген. Анткени аны берүүдө одоно мыйзам бузуулар болгон деп жазылган. Министрлик депутаттын экинчи диплому да жараксыз экенин тактады. Себеби экинчи жогорку билим биринчи дипломдун негизинде кыскартылган мөөнөттө берилген. Ошондуктан президенттин алдындагы башкаруу академиясынын экинчи дипломду берүү боюнча буйругу да чыгарылганын айтышты. Мунун баары расмий каттагы маалыматтар", - деди Шайлдабекова.

Улуттук коопсуздук комитети мамлекеттик кызматкерлердин дипломдорун текшерүү өнөктүгүнүн алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов (“Ата-Журт – Кыргызстан” фракциясы) менен Фарходбек Алимжановдун ("Альянс") дипломдору жасалма экенин аныктаганын жарыялап, 2022-жылы БШКга маалымат берген. Андан соң Билим берүү жана илим министрлиги да дипломдору жасалма деп шек саналган депутаттар тууралуу материалдарды Боршайкомго жөнөткөнү маалым болгон.

БШК диплом чырына байланыштуу Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжановду быйыл 6-июлда мандатынан ажыраткан.

Парламенттин сайтындагы маалыматка ылайык, Алимжанов жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Экөө тең дипломдору жасалма деген маалыматты четке кагып, мандатын коргоо үчүн мыйзамдуу кадамдарга бара турганын билдиришкен. Алар БШКнын чечими боюнча сотко арызданышкан.

Бишкек шаардык административдик соту 3-4-августта депутаттардын ишин карап, экөөнүн тең арызын канааттандырган эмес. Мындан соң эл өкүлдөрү Бишкек шаардык сотуна даттанышкан. Шаардык сот Фархат Исмаиловдун арызын 20-сентябрда карап, чечимди күчүндө калтырган. Ал эми Фарходбек Алимжановдун арызын 28-сентябрда карайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG