Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Депутат пахта менен жаңгак баасы чыкпай, кооптонуу жаралып жатканын айтты


Айбек Алтынбеков.
Айбек Алтынбеков.

Республиканын түштүк аймагында пахта эккен жана жаңгак өстүргөн дыйкандар мээнети акталбай жатканына нааразы экенин бүгүн 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Алтынбеков билдирди. Депутат пахтанын баасына нааразы болгон дыйкандар өкмөттөн жардам сурап жатышканын, парламент протоколдук тапшырма бериши керектигин айтты:

“Былтыркы да, быйылкы да пахтасы кампаларда, пахта заводдорунда турат сатылбай. Эгер Министрлер кабинети жардам бербей кала турган болсо кийинки жылы пахта эгүү токтоп калышы толук ыктымал. Анда ондогон завод токтойт. А ондогон заводдо жүздөгөн адам иштейт. Өкмөт өзү сатып алабы же сырттан таап келеби... Пахтанын баасы барган сайын төмөндөөдө”.

Ошону менен катар, депутат белгилегендей, Аксы, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Өзгөн райондорунда жаңгак токойлорунда эмгектенген дыйкандар баа чыкпай жатканына нааразы болууда. Буга, Алтынбековдун пикиринде, Кытайдан ташылып келген жаңгак себеп:

“Жаңгактын мөмөсү бышып, кардар жок. Баасы 20-60 сом болууда. Бирден бир себеби – Кытайдан кирген арзан жаңгак. Биздин жаңгак сатылгыча ошолорго бөгөт коебузбу же кошумча төлөм киргизебизби, жардам берсеңиздер”.

Быйыл, мисалы, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда пахта былтыркыга салыштырганда 500 гектарга аз эгилгенин, учурда райондогу пахта алуучу заводдордо былтыркыдан калган 1100 тонна пахта була сатылбай турганын жакында “Азаттыкка» райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Жолчуев билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG