Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Сокулукта таза суу талап кылган акцияда кармалган үч киши үй камагына чыкты


Соттук отурумда тартылган сүрөт. 20-сентябрь, 2023.
Соттук отурумда тартылган сүрөт. 20-сентябрь, 2023.

20-сентябрда Сокулук райондук соту Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаковду, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовду үй камагына чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Искаковдун адвокаты Шердор Абдыкапаров билдирди.

Бүгүнкү соттук жараян ачык өтүп, бирок видеого тартууга уруксат берилген жок. Селекция айылынын беш тургуну күбө катары сурак берди. Адвокаттар айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу жөнүндө өтүнүч келтиришти.

Быйыл июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини суракка чакырган.
Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Үчөөнө тең "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон.

Алар жана адвокаттары коюлган айыпка макул болгон эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG