Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:08

Нью-Йоркто "Кемпир-Абад иши" менен камалгандарды бошотууну талап кылган акция өттү


Нью-Йорктогу акция.
Нью-Йорктогу акция.

Нью-Йоркто активисттер Кыргызстанда "Кемпир-Абад иши" менен камалгандарды эркиндикке чыгарууну талап кылган акция өткөрүштү. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын штабынын астында 19-сентябрдагы митинг Ассамблеянын 78-сессиясы болуп жаткан кезде уюштурулду. Бул тууралуу акцияга чыккандардын бири Тилекмат Кудайбергенов маалымдап, сүрөт жана видеону Фейсбукка жарыялады. Бул күнү сессияда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров сөз сүйлөйт.

Кудайбергенов билдиргендей, дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнүн активисттери Башкы ассамблеянын штабынын астына чогулуп, өз мамлекетинде адам укугу тебеленген жагдайларды сындап, ага көңүл бурууга чакырышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын белгилүү саясатчы, активист былтыр октябрда өткөн жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. Азыр 11 киши абакта калган.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракеттенүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козгогон кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда жабык каралууда.

Камактагылар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG