Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:53

Жапаров БУУда геосаясий чыңалуу жана аймактык бүтүндүк тууралуу маселе көтөрдү


Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөп жатат. 2022-жыл, Нью-Йорк.
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында сүйлөп жатат. 2022-жыл, Нью-Йорк.

19-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясында сүйлөгөндө дүйнөдөгү геосаясий чыңалууга токтолду.

Жапаров дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр Борбор Азия мамлекеттериндеги стабилдүүлүккө жана коопсуздукка түздөн-түз таасир этип, ошол эле учурда чөлкөмдүн ролун, маанисин арттырып жатканын белгиледи. Ал Борбор Азия чөлкөмүн геоэкономикалык мейкиндик жана геосаясий ортомчу катары көрө турганын айтты.

Мамлекет башчы климаттык кризис, азык-түлүк коопсуздугу маселеси дүйнө коомчулугун бириктириши керектигин билдирди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайга да токтолуп, эки өлкө былтыр кан төгүүнү ырбатпай токтотуп калууга жетишкенин, Бишкек дайыма сүйлөшүүлөргө ачыктыгын, аймактык бүтүндүктү колдой турганын айтты.

"Биз эч качан бөтөн жерди басып алганга умтулган эмеспиз, бирок эч кимге өз жерибизди тартып алууга жол бербейбиз", - деди Жапаров.

Ал Ооганстандагы жагдайга да кайрылып, эл аралык коомчулукту ооган элине гуманитардык жардам көрсөтүүнү токтотпоого үндөдү.

Ошондой эле тоолорду туруктуу өнүктүрүү, мөңгүлөрдү сактоо маселесине кайрылып, Бишкек тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактай турганын билдирди.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясы Нью-Йоркто өтүп жатат. Президент Жапаров беш күндүк иш сапар менен АКШга 18-сентябрда барган.

Ал БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Өнүктүрүү программасынын администратору Аким Штайнер, бир катар мамлекеттердин жана эл аралык каржы институттарынын башчылары менен жолугушту. 21-сентябрда кыргыз-америка бизнес форумуна катышары кабарланган.

Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясында жыл сайын сентябрда дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери чогулуп, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону, качкындар көйгөйүн, экологиялык жана башка маселелерди талкуулашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG