Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:53

"Манас" аэропорту "Асман эйрлайнс" авиакомпаниясын ачат


"Манас" аэропорту.
"Манас" аэропорту.

Кыргызстанда “Манас" аэропортуна караштуу "Асман эйрлайнс" авиакомпаниясы ачылат. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Манасбек Самидинов 19-сентябрда маалымат жыйында билдирди.

Авиакомпаниянын 100% акциясы аэропортко таандык болот.

"Бул авиакомпания үчүн биз канадалык Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алдык. Учактар 80 орундуу болот. Алар 2013-жылы чыгарылган, авиация тармагында булардын абалы жакшы деп бааланат. Ар биринин баасы 6 миллион доллар турат", - деди Самидинов.

Ал жаңы учактар келерки жылдын май айында өлкөгө келерин жана алар ички каттамдарга чыгарын тактады. Алдыда дагы эки учак сатып алынарын, ошону менен төрт учак өлкөнүн ички каттамдарын толук камсыздай аларын билдирди.

Самидинов ошондой эле жаңы учактардын билет баасы арзан болорун айтты. Канча болорун тактаган жок. Бул үчүн «Манас» аэропорту жаңы ачыла турган авиакомпанияга акысыз кызмат көрсөтөт жана мамлекеттик мекемелер менен да сүйлөшүп, төлөмдөрдү арзандатуу боюнча иш алып барат.

“Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө – “Манас”, “Ош”, “Ысык-Көл”, “Каракол” жана “Баткен” эл аралык, ал эми алтоо –“Жалал-Абад”, “Исфана”, “Караван”, “Казарман”, “Нарын” жана “Талас” аймактык макамга ээ. Өкмөт ички аба каттамдарды көбөйтүү үчүн аймактагы бир катар аэропортторду жаңылап жатканын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG